18:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түркияда кыргыз жигитти атып кетишти

Түркиянын Аланья шаарында кыргыз жаранын атып кетишти. Бул тууралуу Haberker.com порталы маалымдады.

Шаардын Конаклы Исиклар районунда 23 жаштагы кыргызстандык жаран бир киши менен сөз талашып, мушташа кеткен. Мушташта кыргызстандык жаранга ок чыгарылган.

Күбөлөр тез жардам чакырышкан. Бирок тез жардам келгенче жабыр тарткан адам жан берген.

Тартип сакчылары окуя болгон жердеги камералардан карап, шектүү катары А. Й. аттуу киши экени белгилүү болгон. Полиция кызматынын операциясы учурунда шектүүнүн тапанчасы жолдун жээгинде табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар