USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кырсыкка учураган Boeing 707 учагынын бортунда кыргызстандыктар болгон эмес

15:01, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg

Тегерандын аймагында кырсыкка учураган Boeing 707 учагынын бортунда кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.

Жүк ташуучу учак Тегерандан Бишкекке 13-январда саат 23:10до келип конгон. Бишкектен Пайанга бүгүн саат 7:16да учуп кеткен.

Учакта 30 тонна тоңдурулган эт жүктөлгөндүгү айтылууда. Бортто жалпы 16 киши болгон, алардын ичинен инженер гана аман калганы маалым болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18