USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коопсуз шаар. Бишкекте беш камера коюлду

15:19, 28 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов жана Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине 27-декабрда беш камера коюлду. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш комитети билдирет.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы камералар тесттик режимде иштеп жатат.

Комитеттин маалыматында, сынакты жеңип алган «Вега» ишканасы бир жолдун кесилишине, автоунаалар катуу ылдамдыкта жүрүүчү дагы бир жолдо тесттик иштерди жүргүзүп жатат.

Шаар ичинде жалпысынан 48 камера орнотулат.

Долбоордун биринчи этабын «Вега» 12-майга чейин ишке ашырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18