USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорун тендерден утуп алган ишкананын жеңишин сот ырастады

17:45, 10 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоору боюнча экинчи сотту утуп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине маалым болду.
 
Белгилей кетсек, сынак боюнча арыз жана даттанууларды кабыл алуучу комиссиянын жыйынтыгы менен Мамлекеттик комитет макул болбой сотко кайрылган. Бишкек райондор аралык соту «Вега» концеринин «Коопсуз шаар» тендеринедеги утушун калыс жана акыйкат деп тапты.
 

Эскерте кетсек, тендерден «Вега» концерни утуп чыккан. Утулган «Маалымат тутумдарынын коопсуздугу» ишкананын кайрылуусунан кийин комиссия тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18