USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балдардын өлүмү. Ысык-Көлдө баланы өлтүрө сабаган аял тергөө абагына киргизилет

14:12, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө бир жарым жашар баланы заара ушатып койгондугу үчүн сабап өлтүрүп койгон  аял тергөө абагына киргизилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жети-Өгүз райондук прокурору билдирди.

Айтымында, мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту кабыл алды.

«Шектүүнү Караколдогу тергөө абагына киргизишет. Аял жасаган иштерин мойнуна алды.Ал баланы тарбиялап коюуну чечкенин айткан», -деди прокурор Мирлан Ашырбаев.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда тургун 1 жарым жаштагы баланы өлтүрө сабап салган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18