USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Адвокат Айсалкын Карабаеваны эч ким сабаган эмес

16:10, 20 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Адвокат Айсалкын Карабаеваны эч ким сабаган эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кара-Суу райондук администрациясынын башчысынын орун басары Мээрим Жураева билдирди.

Айтымында, Папан айыл өкмөт башчысы Эрматбек Исмаилов убактылуу кызматтан четтетилди.

Юрист Айзада Дүйшөналы кызынын айтымында, соттук отурумда жана андан кийин дагы эч кандай уруш болгон эмес. «Мен иш боюнча процесске катышып жатам. Соттон кийин эки тараптык кайым айтышуу болгон, бирок, жактоочуну эч ким урган эмес», -деди ал.

Администрация башчысынын орун басары видеону көрсөттү, анда жактоочунун жанындагы кишилер чынында эле нааразы болушканын көрүүгө болот. Бирок, эч кандай уруш болгону тууралуу видеодо жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18