USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Улан Саляновдун өлүмү. Кылмышкер соттук отурум жабык болсун деп өтүндү

11:57, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук сотунда мурунку прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумда соттолуучу ЖМК жана каза болгон жарандын туугандары үчүн процессти жабык болсун деп өтүндү. Ал чоочун бирөөлөрдүн көзүнчө көрсөтмө берүүдө ыңгайсыз болуп жатканын айтты.

Прокурор жана жабырлануучу тарап буга каршы болду.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн атып кетишкен. Кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18