USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 1 миллион 726,3 миң ири мүйүздүү мал идентификациядан өттү

09:50, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 1 миллион 726,3 миң ири мүйүздүү мал идентификациядан өтүп, маалымат базасына 1 миллион 695,1 миң ири мүйүздүү мал киргизилди. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жылкы менен чочколор 2019-жылдын 2-кварталынан баштап идентификациядан өтөт. Ал эми кичи мүйүздүү малдар 2020-жылдан баштап катталат.

«Идентификациялоо жаныбарлардын так санын аныктады. Бул ыкма профилактикалык иш-чараларды эффективдүү пландоого жардам берет», -деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18