15:12
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мал-жандыктардын кулактарына бирка илинди, бирок көзөмөл жок

Мал-жандыктардын кулактарына бирка илинди, бирок аны көзөмөлдөө боюнча иш аткарылган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Айтымында, малды идентификациялоо боюнча программа акыркы 5-6 жылдан бери ишке ашырылып келет.

«Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын кызматкерлери тапшырманы аткара албаса, алар иштебей эле койсун. Биз атайын каражат бөлүштүрүп, адистерди окутканбыз. Компьютер сатып алганбыз, бирок иш жок. Койлорду иденцификациялоодон өткөрө башташы керек эле, бирок эмнеге ишти баштабай жатат билбейм. Ири мүйүздүү малдарга кулактарына бирка илгендей койлорго илбеши керек. Эсеп деген болуш керек да», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби