USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткен облусунун прокурорун өлтүргөнгө шектүү жаран 2 айга камаккка алынды

11:33, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Баткен шаардык соту облустун прокурорун өлтүргөнгө шектүү жарандын баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, соттун чечими менен Мэлис Калыков 2 айга камакка алынат.
 

Эске салсак, облустун прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрда Баткенде өлтүрүп кетишкен. Сөөгү шаардын четинен табылган. Окуяга шектүү делип капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18