06:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаевдин ишин Бишкек шаардык соту 5-сентябрда карап баштайт

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин 5-сентябрда карап баштайт.  Бул тууралуу «24.kg»  маалымат агентигине жактоочу Бактыбек Жумашов билдирди 

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 

Партия лидери россиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталган.