03:20
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Жалал-Абадда ооруканадан УЗИ аппараты уурдалган. Шектүү кармалды

Жалал-Абадда ооруканадан УЗИ аппаратын уурдоого шек саналган жаран кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү 102 номерине телефон чалуу түшүп, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаш балдарды дарылоо бөлүмүндөгү медициналык аппарат уурдалганы билдирилген.

Медициналык кызматкер сатт 8.10до жумушуна келип, бөлмөсүнүн эшиги ачык экенин байкаган. Баасы 1 миллион 661 миң 727 сомду түзгөн УЗИ аппараты уурдалган. Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну кармалып, аппарат табылып, алынган.

Милиция ал буга чейин бир нече жолу соттолуп, уурулук фактысы менен издөөдө жүргөнүн кошумчалады. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар