Кыргызстандын Улуттук банкы интервенция жасап, валюта базарынан доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Жалпысынан банк 17,7 миллион доллар сатып алган.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери бул алтынчы валюталык интервенция. Жалпысынан Улуттук банк 113 миллион 350 миң доллар сатып алган.