01:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Улуттук банк апрель айында үчүнчү жолу валюта базарынан доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы апрель айында үчүнчү жолу валюта базарына интервенция менен чыгып, доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

Банк валюта базарынан 25 миллион 850 миң доллар сатып алды. Жалпысынан апрель айында Улуттук банк 62 миллион 150 миң доллар сатып алган.

Белгилей кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы абалды салыштырмалуу туруктуу деп атады. Бирок доллар сатып алууну улантууда.