20:06
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстанга 2 миң литр шарапты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ликер-арак продукциясын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Кемин» ички салык постунда акциздик маркалары жок 2 миң 80 литр шарапты мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду.

Унаа айып токтотуучу жайга токтотулду. Жакын арада материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума