22:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Салык кызматы кассалык чектерди талап кылуу боюнча акция баштады

Салык кызматы жарандарды товарларды же кызматтарды сатып алууда контролдук-кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу үчүн акция жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияда iPhone жана смартфондор ойнотулат.

Катышуу үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу керек:

  • ККМди колдонбогон жана кассалык чектер берилбеген соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн дарегин, аталышын жана сатып алуу күнүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен фото же видео тартып, Instagram же/жана Facebook баракчаларына пост түрүндө жайгаштыруу. Же болбосо кассалык чектерди талап кылуу же керектөөчүлөрдүн жашоосундагы кассалык чектердин мааниси тууралуу видео, фотоматериалдарды колдонуу менен пост жүктөө керек.
  • ар бир постко Салык кызматынын баракчасын (@salyk_kg Instagram жана @salykkg Facebook) #акциясалык хэштеги менен белгилөө;
  • Салык кызматынын Instagram же Facebook социалдык баракчаларынын бирине катталуу;
  • акция тууралуу бирден кем эмес пост жайгаштыруу же бөлүшүү жана үч адамды белгилөө. Акция тууралуу маалыматты салык кызматынын Instagram же Facebook социалдык тармактардагы баракчаларынан алууга болот;
  • катышуучунун өздүк баракчасы ачык, активдүү жана 50дөн кем эмес катталуучусу жана катталуусу, ошондой эле өзүнүн үчтөн кем эмес сүрөтү болушу керек.

Посттор канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Акциянын бардык көрсөтүлгөн шарттарын аткарган катышуучу байгенин ээси болот.

Акция тууралуу толук маалыматты Салык кызматынын социалдык тармактардагы баракчаларынан жана www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот же 116, 0500487962, 0221804486, 0990092042, 0500743434 номерлерине байланышуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар