15:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акыйкатчы окуучу балага кол көтөргөн жаранды жоопкерчиликке тартууну талап кылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карта зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө чакырат. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы мектептердин биринде биринчи класстын окуучусунун сабалышы — баланын укугун одоно бузуу экенин белгиледи.

«Эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук — зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл», — деди ал.

Сабалган баланын апасы акыйкатчы институтуна кайрылып, баласынын укугун коргоп берүүнү өтүндү. Ал баласына элдин көзүнчө кол көтөргөн жаран эркиндикте жүргөнүнө нааразы болду.

«Бул адамдын коомчулуктун арасында жүрүшү кооптуу деп эсептейм. Ал эртең башка баланы урбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Чоң адамдар өз иш аракеттери үчүн жооп берүүсү керек. Менин уулумду сабаганга анын укугу жок. Балага карата суроолор болсо, аны түшүндүрүүнүн көптөгөн жолдору бар. Балам анын баласы менен эч качан чырдашкан эмес. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болуп турабыз. Уулум сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калды. Денесинин ар кайсы жеринде көк-ала тактар бар жана учурдагы баламдын абалы мени кооптондурат. Күнөөкөр адам мыйзам чегинде жазалансын», — деди апасы.

Андан сырткары ал «бошобой жатам» деген жүйөө менен үч сааттай күттүргөн тергөөчүгө да нааразы болду. Ал мектеп тарабынан жазылган арызды албай койгон.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү. Ошондой эле эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог жардам берет.

Акыйкатчы тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого чакырат, ага ылайык балага карата жасалган кылмыш ишти оорлоштуруучу жагдай болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейин милиция 2016-жылы төрөлгөн бала сабалганын билдирген. Билим берүү мекемелеринин биринин имаратында эркек киши окуучуга эч себепсиз кол көтөргөн. Бишкектин Ленин райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар