23:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жалал-Абад облусунда дагы сел жүрдү. ӨКМ кесепеттерин жоюуда

Жалал-Абаддын айрым айылдарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, жаандан улам Аксы районунун Атана айылында 11 үйдү суу каптаган.

Кара-Камыш айыл аймагындагы Кара-Жыгач — Сары-Челек унаа жолунун 3-чакырымында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, унаалардын каттоосуна кыйынчылык жараткан.

ӨКМ
Фото ӨКМ

Жерине селдин кесепеттерин жоюуга ыкчам топ, үч куткаруучу, мотопомпа жана жүктөгүч тартылды.

Эскерте кетсек, 20-апрелден бери Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында 46 сел жүрдү. Ош, Жалал-Абад (Ноокен району) жана Таласта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Унаасын сел агызып кетип, бир адам каза болду, дагы бир өспүрүмгө чагылган тийип, көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар