21:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин депутаты болду

Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин депутаты болду. Боршайком бош калган мандатты ага өткөрүп берди. Чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Ал мандатын тапшырган Эмилбек Жусуповдун ордуна «Ишеним» фракциясынан депутат болду.

Ачык булактардан белгилүү болгондой, Советбек Рустамбек уулу жеке ишкер. 2019-жылы Алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук федерациянын вице-президенти болуп шайланган.

Эң көп окулган жаңылыктар