23:36
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Тергөөчүнүн сабалышы. Жабырлануучунун адвокаты окуянын чоо-жайын айтып берди

Кант шаарында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүн сабагандар «чоң жумуштарда иштешет». Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаты Шердор Абдыкапаров айтып, Instagram баракчасында окуя тууралуу видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, окуя тергөөчү эмгек өргүүдө жүргөндө болгон. Дүкөндөн чыкканда азиат улутундагы беш эркек киши ага кол салган.

«Жабырлануучунун айтымында, ооздорунунан спирт ичимдиги жыттанып турган, уят сөздөр менен аны сөгүшкөн. Тасмада анын катуу сабалганын көрүүгө болот. Ал жаагы сынып, ооруканада жатат. Сүйлөй албайт», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, сабагандардын арасында аскер прокуратурасынын кызматкери, салык кызматкери жана айыл өкмөттүн же мэриянын кызматкери бар. Алар кылмыш ишин жабуу үчүн акча сунушташкан.

Кант шаарынын мэриясы бул окуяга муниципалитеттин кызматкерлеринин тиешеси жок экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Чуй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24.kg сайтына маалыматты тастыктап, Кантта Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү сабалганын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылымыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар