09:55
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

ЖРТга 48 миңге жакын абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Мекеме бул акыркы маалымат эмес экенин белгиледи. Тестке кошумча каттоо ЖРТ өтө турган мектептерде негизги тестке бир күн калганда саат 13.00дөн 17.00гө чейин уюштурулат.

ЖРТ 17-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт.

2012-жылдан бери ЖРТ менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык жогорку окуу жайларына тапшырууда милдеттүү. Бирок тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбаган адистиктердин жана багыттардын тизмеси бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума