05:28
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жалал-Абад боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда — Туманбаев

Жалал-Абад облусу боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда, жалпы 2 миң 744 батир. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

«Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга 3,4төн үй алганга жол бербейбиз. Президенттин тапшырмасы менен ипотекалык үйлөр буюрса чыныгы муктаждарга берилет», — деди ал.

Туманбаев мамлекет башчысынын демилгеси менен Бишкекте эле эмес, бардык аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу баштала тургандыгын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар