05:46
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Эски Ак-Кула ипподромунун жери 8,7 миллиард сомго бааланды. Ал аукционго коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар болгон жер тилкесин аукционго коет. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

«Көз карандысыз эксперт тарабынан 8 миллиард 731 миллион 917 миң сомго баалоо жүргүзүлгөн, ал объектинин баштапкы баасы», — деп айтылат маалыматта.

Электрондук аукционго катышуу үчүн баштапкы сумманын 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөө керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.

«Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын аукциондун кадамына ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт», — деп белгиледи мэрия.

Эң көп окулган жаңылыктар