13:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эдуард Кубатов Гималайдагы эң катаал чокулардын бири Ама-Дабламды багындырды

Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималайдагы эң катаал чокулардын бири Ама-Дабламды багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактарда билдирди.

Эдуард Курбатовдун айтымында, базалык лагерден чокуга чейин чыгуу, кайра Ама-Даблам башкы лагерине түшүү үч күн беш саатка созулган.

«Альп стилинде ротациясы жок, климатка көнүшпөй чыктым. Чыгуу ылдамдыгымды тажрыйбалуу кыргыз альпинисттери баалашат. Бул багындырууну сүйүктүү өлкөм — Кыргызстанга арнадым», — деп жазган ал.

Эң көп окулган жаңылыктар