18:10
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Биринчи жолу кыргызстандык спортчу автомотоспорт боюнча чемпионатта алтын алды

Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу кыргызстандык спортчу автомотоспорт боюнча Азия-Тынч океан регионунун чемпионатында алтын тагынды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Дене тарбия жана спорт департаменти
Фото Дене тарбия жана спорт департаменти

Маалыматка ылайык, Улукбек Байзаков Куала-Лумпурда өтүп жаткан автоспорт боюнча Азия-Тынч океан аймагындагы чемпионатта «автослалом» категориясында биринчи орунду ээледи.

Улукбек Байзаков Кыргызстандын спорт чебери.

Автомотоспорт боюнча Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи жолу Азия жана Тынч океан чемпионатына катышканы белгиленет. Мелдешке 27 өлкөнүн командалары катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар