00:14
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Бишкектин 2024-жылга карата бюджети дээрлик 20 миллиард сомду түзөт

Борбор калаанын бюджетинин киреше бөлүгү кийики жылга карата 19 миллиард 711 миллион 968,4 миң сом деп болжолдонду. Бул тууралуу шаардык кеңештин «Бишкектин 2024-жылга бюджетинин алгачкы долбоорун жана 2025-2026-жылдарга болжолун макулдашуу жөнүндө» токтомунун долбоорунда айтылат. Документ коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, негиз катары 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн күтүлгөн болжолдору кабыл алынды.

«Салыктык кирешелер боюнча болжол 13 миллиард 356 миң 880,5 миң сомду түзөт же 2023-жылдын бюджетине караганда 1 миллиард 776 миллион 805 миң сомго көп. Салыктык эмес кирешелер боюнча болжол 1 миллиард 881 миллион 759,2 миң сомду түзөт же 89 миллион 176,8 миң сомго көп. Атайын каражаттар боюнча түшүүлөрдүн болжолу 431 миллион 177,8 миң сомду түзөт. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер — 3 миллиард 673 миллион 328,7 миң сом», — деп айтылат документте.

Шаардын бюджети тең салмактуу болгондуктан, чыгымдар киреше деңгээлинде пландаштырылган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 18 миллиард 390 миллион сомго болжолдонгон, бирок республикалык бюджеттен кошумча трансферттерди (3 миллиард 806 миллион) эске алганда Бишкектин бюджети 22 миллиард 869,5 миллион сомду түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар