02:52
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Ош облусунда ири индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет

Ош облусунда «ЕвроАзия Групп» индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет. Аны менен бүгүн президент Садыр Жапаров Кара-Суу районуна болгон иш сапары учурунда таанышты.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, объекттин аянты жалпы 5 гектарды түзөт.

Добоорго ылайык, үч өндүрүш объектиси ишке кирет: трикотаж кийимдерин тигүү, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 70 пайызы аяктап калды.

Ушул жылдын аягында 800 жумуш орундуу кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 миллион долларга бааланып, продукция экспорттко багытталат.

Ал эми трикотаж кездеме чыгарган фабриканын 2024-жылдын аягында ишке кириши пландалууда. Долбоорго 18 миллион доллар бөлүнүп, 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт.

Жип ийрүүчү фабрика 2025-жыдын үчүнү кварталында ишке кирип, 150гө жакын адам эмгектенет. Бул долбоор үчүн 3,5 миллион доллар инвестициялык каражат бөлүнгөн.

Президент жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн жер бөлүп берүү маселесин тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар