03:44
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Дары-дармек бизнесиндеги коррупция. УКМК бир дарыкананын кампасын жапты

«М-РАЙН» фармацевтикалык компаниясынын дары сактоочу жайы убактылуу жабылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

УКМК фармацевтикалык компаниялардагы, дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментиндеги коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын улантып жатканын маалымдады. Анын алкагында алынган далилдерди табуу максатында «М-РАЙН» ЖЧКсынын кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«Ири көлөмдөгү дары-дармектердин табылганын эске алып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылды» ,— деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «М-РАЙН» компаниясынын кампасы Бишкектеги 5-кичирайондо жайгашкан. osoo.kg сайтындагы маалыматтар боюнча, компаниянын директору Фуат Алиев. Фирма дүкөндөргө фармацевтикалык товарларды ташуу менен алектенет.

Эң көп окулган жаңылыктар