22:10
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандын жарандары Сербиянын аймагында 90 күн визасыз жүрө алышат

8-ноябрдан баштап Кыргызстандын жарандары Сербиянын аймагында 90 күн визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-ноябрдан баштап КРнын жана Сербиянын өкмөттөрүнүн ортосунда жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган макулдашуу күчүнө кирет.

Көрсөтүлгөн датадан баштап эки өлкөнүн жарандары 90 күндөн ашпаган мөөнөт ичиндеги визалык талаптардан бошотулат.

Аталган макулдашуунун максаты — эки өлкөнүн өз ара сапарларын эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерин активдештирүү үчүн жеңилдетүү, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, туризм тармагын өнүктүрүү.

Эң көп окулган жаңылыктар