07:13
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Жылдызкан Жолдошева Садыр Жапаровду сындагандан кийин уулу жумуштан алынды

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошеванын президенттин аппаратында иштеп жаткан уулу кечээ жумуштан алынды. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Жылдызкан Жолдошева кечээ терегек стөлгө катышып, президент Садыр Жапаровдун «Жерүй» жана башка чечимдерин сынга алган.

«Уулумду президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов 1.5 ай мурун чакырып кызматка алган. Кечээ, мен «Өлкөдөгү саясий абал» деген конференцияда Жер-үй, Камбар-Ата-1 маселеси боюнча өз оюму айткан соң, бүгүн уулуму жумуштан кетиришиптир. Биздин үй-бүлө эмнени гана көргөн жок. Ал эми, Садыр Жапаровко айтаар элем: «эч кимдин баласына тийбе, мындай «пастыкка» барба», — дейт Жылдызкан Жолдошева.

Белгилей кетсек, Жылдызкан Жолдошева Садыр Жапаровду жана анын үй-бүлөсүн оор мезгилде колдоп келген. Ал «Жер-үй» кенин иштетүү жана Өзбекстандын Сох анклавына коридор берүү туура эмес чечим экендигин айтып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар