Кыргызстандык спортчу ушу-саньда боюнча дүйнө Кубогунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Тагайбек Өмүржанов билдирди.
Айтымында, спорттук мелдеш Кытайда өттү. Ага 39 мамлекеттен келген спортчулар катышты.
Кыргызстандын атынан Талантбек Акматов катышып, 80 килограмм салмак ченинде 3-орунду алды.