Таласта тойдон кийин жергиликтүү тургун акча жана телефон уурдап алган

16:10, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Таласта тойдон кийин жергиликтүү тургун акча жана телефон уурдап алган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Талас ОИИБдан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, шектүү ресторанга кирип столду карап чыгып, отургучта турган акчаны жана 2 телефонду уурдап кеткен.
 

«Милиция шектүүнү Бишкектен кармады. Ал буга чейин соттолуп, бир ай мурун гана эркиндикке чыкканы аныкталды. Кылмышкер 10 миң сом жана 2 телефон уурдаган», -деп билдиришти ОИИБдан.

.