«Менин билишимче Иса Өмүркулов азырынча бул маалыматты тастыктай элек. Ушул тапта партиянын айланасында болуп жаткан көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Партияда мурда деле саткындар, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон уйгактар болуп келген. Азыр болуп жаткан бул оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкчылыгы бар. Бирок бул ыплас иштер эч нерсеге алып келбейт, майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт», -деди ал.
«Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен жыйын өткөрүп келе жаткандар бул жумада аларды парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алганын жарыялашты. Бирок Өмүркулов өзү бул маалыматты тастыктай элек.
Алар максаты партияны жемкорлордон тазалоо жана анын лидерин алмаштыруу, ошондой эле партиянын уставына аны саясий кеңеш башкарбашы керек деген өзгөртүүлөрдү киргизүү экенин билдиришүүдө.