11:36
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Ош шаарында окуучу кыз дайынсыз жоголду

Ош шаарынын милициясы 13 жаштагы кызды издөөдө. Бул тууралуу ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2005-жылы туулга Аяна Кочкорбаева 25-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Райымбекова кѳчѳсүндѳ жайгашкан № 7 Нариман орто мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок.

Белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, дене түзүлүшү орто, кара тору жүздүү, кара каш, чачы узун, кара түстѳ.

Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳ хиджаб, кызымтыл түстѳ желет, ак түстѳ кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызымтыл түстѳгү кроссовка.

Кыз боюнча маалыматтарды төмөнкү телефондорго билдирүүгө болот. (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77.

Эң көп окулган жаңылыктар