USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кадамжайда 5 кишиге кол салган карышкырдын кутурма менен ооругандыгы аныкталды

14:09, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кадамжайда 5 кишиге кол салган карышкырдын кутурма менен ооругандыгы аныкталды. Бул тууралуу Кадамжай райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Эске салсак, 23-октябрда Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында карышкырлар 5 тургунга кол салышкан. Кийин жырткычтардын бирин эл таяк менен уруп өлтүргөндүгү жарыяланган.

Карышкырдын башы Оштогу ветеринардык лабораторияга жиберилип, 24-октябрда жырткыч кутурума менен ооругандыгы аныкталды. Ошол эле күнү райондук администрация тарабынан кутурмага каршы иш-чара өткөрүү тууралуу жарлык чыккан.

Кошумчалай кетсек, 2 карышкыр алдынан чыккан адамдарга, иттерге, жаныбарларга кол салган. Жаракат алган жабырлануучулар Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилген.

Экинчи карышкыр айылдан качып кеткен. Биоресурстарды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин Кадамжай районундагы өкүлчүлүгүнөн мергенчилерге атайын тапшырма берилди. Айыл өкмөт тарабынан кол салган карышкырлардан жаракат алган иттерди атып жок кылуу жана качып кеткен карышкырларды атып өлтүрүү боюнча токтом чыгарылды.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика