8 айда ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүү 3,4 пайызга азайган

12:19, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ушул жылдын 8 айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүү 3,4 пайызга азайып, 1 миллиард 481 миллион долларды түздү. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорттун көлөмү 5,4 пайызга өсүп, 387 миллион долларды түздү. Ал эми импорт 6 пайызга азайган.

«Жеңил өнөр жай тармагында жакшы жылыштар байкалууда», -деди Жеңиш Разаков.