Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 200 миллион сом бөлүнөт

11:22, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда билдирди.

Айтымына караганда, 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү үчүн 2 миллиард сом каралат.

«Ошондой эле, 100 миллион сом айыл өкмөттөрдү стимулдаштырууга каралган. Бул каражаттарды алуу боюнча атайын талаптар бар», — деди ал.