05:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алдамчыны актаган сотко карата кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкектеги Свердлов райондук сотунун мурунку төрагасы Э.Д. га карата кылмыш ишин козгоду. Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «мыйзамсыз өкүм боюнча жаза белгилөө» беренелери боюнча айып тагылууда.

2016-жылдын августунда сот Кытай жаранынын жарандык иши боюнча мыйзамсыз сырттан чечим кабыл алган. Ал суммасын өндүруп алуу тууралуу доосун канааттандырып койгон. Доо өтүп кеткен число менен катталган.

«Кытай жаранына карата буга чейин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн. Сот ишти тыкыр карап чыкпай, жарандын пайдасына карата чечим чыгарган. Кылмыш иш УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эң көп окулган жаңылыктар