Таласта эки унаа кагышып, экөө тең толугу менен өрттөнүп кетти

10:25, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Талас—Тараз унаа жолунун 7-чакырымында, Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын аймагында эки унаа кагышып, экөө тең толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык «Фольксваген Пассат» менен «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон.

Кырсыктын кесепетинен бир киши жабыркап, ал ооруканага жеткирилди.