07:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орто-Сай айылында 88 жаштагы Бекбоо Керимбеков изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Орто-Сай айылында 88 жаштагы Бекбоо Керимбеков изделүүдө. Ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын небереси Шекер Керимбекова билдирди. 

Айтымында, улгайган киши кечээ үйүнөн чыгып кеткен. Анын эс тутуму начар экени айтылууда. Изделип жаткан тургун боз түстөгү свитер, кара-боз түстүү чолок шым кийип жүргөн. Башында ак-кара шапкеси бар.

Изделип жаткан киши тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурга чалса болот: 0 555 383738.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума