«Акыркы беш күндөн бери эл арасында ажиотаж күчөдү. Көпчүлүк кечки саат 11ден кийин, унаалар азайып калганда май куйуучу станцияларга барып, бензинди ашыгы менен сатып алышууда. Бензинди 20-30 литрлик идиштерге куюп кетишүүдө. Май куйуучу жайлардын кызматкерлери ар бир литрге 20-30 теңгеден кошуп сатышууда», -деди ал.
Анын айтымында, бензин түнкүсүн көп сатылып жаткандыктан, күндүз станцияларда май тартыш болуп, унаалардын узун кезеги жаралууда.
Октябрдын башында «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен А-95 жана А-80 үлгүсүндөгү бензиндин эки эсе кымбатташы мүмкүн экенин кабарлаган.