Бишкекте Москва көчөсү боюнча Фучиктен Интергельпого чейин троллейбус үчүн байланыш түйүнүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мунун эсебинен № 10 тролллейбустун каттамы узарат. Мэриядан билдиришкендей, Интергельпо көчөсүндө ЖОЖ, 2 мектеп жана балдар бакчасы жайгашкан. Мындан сырткары Ленин райондук Соцфонд башкармалыгы орун алган.
Байланыш линияларын орнотуу боюнча иштер түнкүсүн аткарылган.