Бишкекте № 10 троллейбустун каттамы Интергельпого чейин узартылды

09:13, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Москва көчөсү боюнча Фучиктен Интергельпого чейин троллейбус үчүн байланыш түйүнүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мунун эсебинен № 10 тролллейбустун каттамы узарат. Мэриядан билдиришкендей, Интергельпо көчөсүндө ЖОЖ, 2 мектеп жана балдар бакчасы жайгашкан. Мындан сырткары Ленин райондук Соцфонд башкармалыгы орун алган.

Байланыш линияларын орнотуу боюнча иштер түнкүсүн аткарылган.