Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Мектеп окуучулары арасында сынак өткөрүлөт

09:04, 26 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп окуучулары арасында сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр мамлекеттик театрында Бишкектин мектептеринде окуган окуучулар арасында сынак өтөт. Ага № 10, 16, 32, 33, 35, 46 мектептердин окуучулары катышат.

Жеңүүчүлөргө байгелер каралган.