07:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

42 миң сом. Кубатбек Боронов канча айлык аларын айтты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов канча айлык аларын айтты.

Парламенттин отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев Кубатбек Бороновго «канча айлык аласыз?» -деп суроо узатты. Биринчи вице-премьер-министр «42 миң сом» деп жооп берди.

Ушундай эле суроого Улуттук энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров 40 миң сом айлык маяна ала турганын билдирди. Айтымында, бул негизги оклад, анын үстүнө иш тажрыйбасына жараша акча кошулуп турат. Ал бул тармакта иштегенине 33 жыл болгонун кошумчалады.

Ал эми орун басарлары 35 миң сомго чейин алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар