7-ноябрда каза болгон журналисттер эскерилип, сүрөт көргөзмө уюштурулат

16:18, 25 октября 2018, Бишкек - 24.kg

7-ноябрда Бишкекте 27 жыл аралыгында өтүп кеткен маркум журналисттерди эскерүү максатында сүрөт көргөзмө уюштурулат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жылдар аралыгында каза болгон журналисттердин саны 40га жакындап калган.

«Азыр тизме такталып жатат. Журналистикага өз салымын кошуп каза болгон кесиптештерди эскерген иш-чара буга чейин болбоптур. Бул идеяны журналист Элнура Кулуева көтөрүп, калган кесиптештери колдоп чыгышты», -деп жазылат маалыматта.

Каза болгон журналисттердин элесине арналган даректүү тасма дагы тартылмакчы.