Икрамжан Илмияновдун кармалышы. Жактоочусу сотко даттанды

10:34, 25 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Икрамжан Илмияновду кармоодо жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Ал кардарынын камакка алынышы тууралуу Биринчи Май райондук сотунун санкциясынын үстүнөн даттанды.

Жактоочунун айтымында, Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши 28-сентябрда козголгон. Бирок, тергөө иш-чараларын өткөрүшкөн эмес. Ошого карабай 18-октябрда мурунку кеңешчиге сырттан күнөө коюп, издөө жарыялашкан.

интернеттен алынды.. Москва шаарында аэропортто
интернеттен алынды.. Биринчи май райондук сотунда
«Бирок, кандай негизде ага издөө жарыяланды? Ал органдардан жашынган эмес, ал тургай кылмыш иши боюнча айыпталып жатканын билген да эмес. Ооба, жайында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен, бирок ал ошол убакта тергөө алдында эмес болчу», — деди жактоочу.

Эске салсак, Икрамжан Илмиянов УКМКнын тергөө абагына 28-ноябрга чейин камакка алынды. Ага алдамчылык боюнча айып тагылууда.

Фото интернеттен алынды. Лейлек району. Икрамжан Илмияновду колдоо митинги
Алты жыл бою өлкөдө таасирлүү адамдардын катарында турган Икрамжан Илмияновдун айылдаштары митингге чыгып, президентке кайрылуу жолдошту. Алар өлкө башчысынан тергөө иштерин калыс жүргүзүп, Илмияновду үй камагына чыгарууну суранышат.