USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Акыйкатчы: 40 бала ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин өз жанын кыйышкан

09:36, 25 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов журналисттерге балдардын өз өмүрүнө кол салуу себептерин атады. Кечээ ал депутаттар алдында 2016-2017-жыл үчүн доклад берди.

Анын айтымында, балдар муунуп, дары ичип же бийиктиктен секирип өз жандарын кыйышат.

«Үй-бүлөдөгү уруш-талаштар жана ата-энелердин ортосундагы кайчы пикирлер -балдардын өз өмүрүнө кол салуусуна себепкер. 40 бала ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин жанын кыйышкан. 7 бала ата-энеси ажырашып кеткендиктен, 4 бала оорусунан улам, 2 бала материалдык көйгөйдөн улам өз өмүрүнө кол салышкан», -деди Токон Мамытов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика