09:06, 25 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандагы түзөтүү мекемелери менен тергөө абактары интернетке кошулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка таянсак, була-оптикалык кабелдик байланыш Ибраимов көчөсүндөгү түзөтүү мекемесинен тергөө абагына чейин тарттырылат. Анда секундасына 5 мегабит ылдамдыктагы интернет 12 айга кепилдиги менен болушу керек. Аталган линия уюмдук түзүмдөрдүн маалыматтарды алып жана берүүсү үчүн орнотулмакчы.
Эске салсак, тизмеде 11 түзөтүү мекемеси, 6 тергөө абагы жана 13 колония бар. Бюджеттен 4,5 миллион сом бөлүндү.