ИИМ: Ымыркай сатуу боюнча жети дарыгерге айып коюлду

08:35, 25 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча жети медицина кызматкерине айып коюлду. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Алты киши тергөө абагында, бирөө үй камагында», — деген Кашкар Жунушалиев тергөө кызыкчылыгынан улам бул иш боюнча иликтөө бүткөндөн кийин толук маалымат берилээрин айтты.

Маалыматка караганда, ымыркай сатууга байланыштуу жалпы төрт кылмыш иши козголду.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши сатуу», «Мыйзамсыз бойдон алуу» жана «Жалган документтерди даярдоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.